Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-январы №11
Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун Бүргѳндү айылдык кеңешине жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII- чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловтун Бүргѳндү айылдык кеңешине жазган кайрылуусу эске алынсын.
2. Бүргѳндү айыл өкмөтүнүн аймагы боюнча курулуучу көпүрөлөргө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 350 000 (үч жүз элүү миң) сом акча каражаты бѳлүп берилсин.
3. Акча каражатын максаттуу пайдалануу жагын кѳзѳмѳлгѳ алуу айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г.Мирзаевке жана Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы К.Калбековго жүктѳлсүн.
Тѳрага | З.Арстанбеков |
|
|