Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-январы №12
Бүргѳндү айыл аймагынын №39 Н.Зайниддинов мектебиндеги бала бакчанын проектисине, №18 М.Молдалиев атындагы мектептин проектисине, №33 Д.Садырбаев атындагы мектептин проектисине жана “Келечек” балдар бакчасынын айланасын тосмолоо боюнча айыл ѳкмѳт башчысы А.Сатыкуловдун сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун сунушу эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл аймагынын №39 Н.Зайниддинов атындагы мектебинин бала бакчасынын проектисине-200 000 (эки жуз мин) сом, №18 М.Молдалиев атындагы мектептин проектисине-200 000 (эки жуз мин) сом, №33 Д.Садырбаев атындагы мектептин проектисине-30 000 (отуз мин) сом жана “Келечек” балдар бакчасынын айланасын тосмолоого-30 000 (отуз мин) сом жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бѳлүп берилсин.
3. Бѳлүнгѳн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ нүн башчысы А. Мырзакаримовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге жана Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | З.Арстанбеков |
|
|