Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-январы №13
Бүргѳндү айыл аймагынын Ак-Бата, МТФ, Чарбак, С.Турдалиев, Ат-Чабар, жана Ношкен айылдарынын электр энергиясын үзгүлтүккѳ учуратпоо максатында айыл ѳкмѳт башчысы А.Сатыкуловдун сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун сунушу эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл аймагынын Ак-Бата, МТФ, Чарбак жана С.Турдалиев айылдарына-750 000 (жети жүз элүү миң) сом, Ат-Чабар айылына-300 000 (үч жүз миң) сом жана Ношкен айылына-200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты электр линия тартуу үчүн жергиликтүү бюджеттен бѳлүп берилсин.
3. Бѳлүнгѳн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ нүн башчысы А. Мырзакаримовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге жана Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | З.Арстанбеков |
|
|