Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-январы №17
Жеңиш айылынын тургуну Акматов Курманбектин аукцион аркылуу ижарага алган 1,0 га жерине жардам сурап жазган арызын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеңиш айылынын тургуну К.Акматовтун айылдык кеңештин сессиясына жазып кайрылган арызы эске алынсын.
2. Жеңиш айылынын тургуну К.Акматовтун Жеңиш участкасынан Кайра бөлүштүрүү фондунан аукцион аркылуу ижарага алган 1,0 га жер аянтынын ижара акысы эки жылга кечилип берилсин.
3. Аукцион аркылуу алган 1,0 га жердин аукцион аркылуу келишими жокко чыгарылып, түз келишим негизинде ижарага берилүүсү жер маселелери боюнча адис А.Оморбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Эл чарбасы, айыл чарба, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Расуловго жүктөлсүн.
Тѳрага | З.Арстанбеков |
|
|