Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 11
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 08-12 / 7043 катын кароо жѳнүндѳ
Депутаттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 08-12/7043 катында жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына 2016-жылга жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын каржылоодо биринчи кезекте чыгымдардын коргоого алынган статьяларын, коммуналдык кызмат кѳрсѳтүүлѳр жана кѳмүр сатып алууну каржылоо жана теңдештирүүчү гранттарды жогорудагы чыгымдарга багыттоо жѳнүндѳ сунушталган. Мындан тышкары, бул катта, акыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Ѳкмѳтүнүн аппараты аркылуу же финансы министрлигине түз кайрылуу менен жергиликтүү маанидеги чечилүүчү маселелердин катарына кирген кѳмүр сатып алуу, электр энергия карыздарын тѳлѳп берүү, ж.б. чыгымдар үчүн республикалык бюджеттин эсебинен кошумча акча каражаттарын бѳлүп берүү боюнча кайрылуулар ѳтѳ кѳп болгондугу белгиленген жана жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды бѳлүп берүү мүмкүнчүлүгү жок экендиги кѳрсѳтүлгѳндүгү сунушту карап жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ѳкмѳтүнѳ - жергиликтүү бюджеттин киреше бѳлүгүн кѳбѳйтүү, чыгаша бѳлүгүн оптимизациялоо жана ыксыз чыгымдоолорду кыскартуу иш чаралары кѳрүү сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Б. Жунусов |