Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры №16-5
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясынын күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айылдык аймагында 2018-2019-жылдардын күз-кыш мезгилине карата билим берүү,саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана калктын күз-кыш мезгилдерине даярдыктары жөнүндөгү маселелерин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кызыл-Кыштак айылдык аймагында 2018-2019-жылдардын күз-кыш мезгилине карата билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринини жана калктын күз-кыш мезгилдерине даярдыктары канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Кызыл-Кыштак айылдык аймагында 2018-2019-жылдардын күз-кыш мезгилине карата билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жылытуусун көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Айыл өкмөтүнө, кийинки кышка карата Т.Омурзаков атындагы мектептин жылытуу системасын реконструкциялоо жана билим берүү мекемелериндеги от казандардан чыккан күлдөргө атайын жайларды куруу сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Д. Сатвалдиев |