Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры №16-9
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесине ылайык күн тартибиндеги кошумча маселе: Жаңы-Турмуш айылындагы ФАП Жаңы-Турмуш үй-бүлөлүк даарыгерлер тобу (ГСВ) деп өзгөртүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 23-декабрындагы отрумунун № 14-протоколунун чечими бекитилип
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 26-“Айылдык округунун муниципалдык мнчигиндеги имаратка жер аянтын бекитип берүү жөнүндөгү токтомунун 1-пункутундагы: “Кызыл-Кыштак айылдык округунун Жаңы-Турмуш айылындагы “ФАПка” 2124,72 кв.м жер аянты бекитилип берилсин” деп жазылган сүйлөмдөгү “ФАПка” деген сөз “ГСВга” деп өзгөртүлсүн.
2. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Д. Сатвалдиев |