Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-февралы №17-10
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесине ылайык, күн тартибиндеги кошумча маселе: Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Ишкаван айылындагы көчөгө Камилов Гапиржандын наамын берүү жөнүндөгү маселени талкуулап, айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 10-февралындагы № 11- протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Ишкаван айылындагы “Мектеп” көчөсүнө Гапиржан Камиловдун аты берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Д. Сатвалдиев |