Загрузка документа…
МАЙМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-февралы №2
Маймак аймактык Кенешинин 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу отчету угуп, 2019-жылкы бюджетинин болжолдуу эсептөөлөрдүн негизинде талкуулангандан кийин, Маймак аймактык Кенеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маймак аймактык кенешинин 2018 жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү тендештируучу жана максаттуу трансферттер жана Президенттик фонддон спонсор катары келип түшкөн 1000,0 мин сом менен бирге 6043,5 мин сом болгондугу, анын ичинен 98,1 мин сому ата-энелерден түшкөн төлөм ошондой эле 2018 жылдын этегинде айыл өкмөтүнүн эсебинде 91,2 мин сом үнөмдөлгөнүн, ал эми бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттар чыгымын кошкондо 5771,3 мин сом ушул себептүү казына бөлүмүндөгү айыл өкмөтүнүн счетунда 2018-жылдын аягында бюджеттик каражат эсебинде 114,3 мин сом үнөмдөлгөндүгүн ал эми атайын каражаттар эсебинде 250,0 мин сом акчалай каражат курулуш ишинин суук аба-ырайына байланыштуу токтоп тургандыктан чыгымдалбай тургандыгы ошондой эле бул каражат күн жылыганда жумшалаары жана жогорудагы цифрага толугу менен отчет кабыл алынгадыгы бекитилсин.
2. Маймак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин көлөмү тендештирүүчү грант менен бирге 3319,6 мин сом ал эми чыгаша бөлүгү 4319.7 мин сом өлчөмүндө бекитилип, электро-энергия үчүн өткөн жылдын карызы 361,0 мин сом,2019-жылга эсептөөлөрдүн негизинде жана лимит боюнча 896,0 мин сом болсо каражаттын жетишсиздигинен 256,9 мин сом өлчөмүндө б.а 1000,1 мин сомго дефицит менен бекитилгендиги белгиленсин. Бул каражат КРнын финансы Министрлигинен кошумча суралсын.
3. Маймак айыл өкмөтүнүн кирешелер бөлүгү төмөнкү кирешелер булактарынын негизинде аныкталсын.
Кирешенин баардык түрү 731,6
Салыктык кирешелер баардыгы 602,6
Кирешелер салыгы баардыгы 591,6
Подоходный налог 381,0
Патенттик негиздеги салык 48,0
Транспорт ээлеринен алынуучу салык 40,0
Кыймылсыз мүлккө салык 24,7
Жерден түшүүчү салык баардыгы 97,9
Анын ичинен
Огороддон түшүүчү салык 30,0
Айыл чарба багытындагы жерлерден түшүүчү салык 47,9
Айыл чарба багытындагы эмес жердин салыгы 20,0
Сатуудан түшкөн салык 11,0
ФПСтин жерлеринен аренда акысы 20,0
Ата-энелерден алынуучу төлөм 109,0
Тендештирүүчү грант 2588,0
Баардык киреше 3319,6
Маймак айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү төмөнкү тармактарды каржылоого жумшалары бекитилсин.
Элге билим берү тармагына 575,9 мин сом
Анын ичинен орто мектепке 277,9
Балдар бакчасына 298,0
Айылдык клубга 178,7
Айыл өкмөтүнүн аппаратына 2565,0 мин сом
Жалпы чыгаша 3319,6мин сом
Тендештирүүчү грант максаттуу түрдө биринчи кезекте айлык акы, соц.фонд, коммуналдык чыгымдар, тамак-аш чыгымдарына жана интернет байланыштары көмүр алуу үчүн жумшалары бекитилсин.
Мындан тышкаары айыл өкмөтү тарабынан каржылануучу орто мектеп, клуб имараттарын электро энергия менен камсыз кылуу үчүн кошумча 1000,1 мин сом кошумча акча каражаты КР Финансы Министрлигинен суралсын.
Айыл өкмөтүнүн бюджетине жыл ичинде өзгөртүүлөр болгон учурда бюджеттин киреше жана чыгаша статьяларына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси айылдык Кенештин сессиясында каралып токтомдун негизинде жүргүзүлсүн.
Маймак айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана бюджеттик каражаттарды сессияда бекитилген статьялар боюнча чыгымдалышын көзөмөлдөө милдети айыл өкмөт башчысы Н.У.Абдраимовго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Д.А. Кудайбергенов |
|
|