ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чангет айылдык кеӊешинин IV чакырылышынын кезектүү I сессиясы
2019-жылдын 15-январы №7
Чангет айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасын пайдалануудан чыгаруу жана жаңы авто унаа сатып алуу жөнүндө
Кырыгыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык кызмат жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде Чангет айыл өкмөтүнүн кызматтык авто унаасы 2003-жылдан бери тоолуу аймакта жүрүп,пайдаланууга болбой калгандыктан жарактан чыгарып ,жаңы кызматтык авто унаа сатып алуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ниязовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Чангет айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чангет айыл өкмөтүнүн 2002-жылы чыгарылган НИВА үлгүсүндөгү кызматтык авто унаасы эскилиги жетип,пайдаланууга болбой калгандыктан жарактан чыгарылсын.
2. Чангет айыл өкмөтүнүн 2002-жылы чыгарылган НИВА үлгүсүндөгү авто унааны жарактан чыгаруу жана жаңы авто унаа сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджет тартыш болгондуктан кошумча кирешенин эсебинен сатып алуу айыл өкмөт башчыга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин Айыл чарба,Энергетика Жер жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына жүктөслүн.
Тѳрага | Т.Эшиев |
|
|