Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 12
Кайрагач айылында мүрзѳ үчүн жер аянтын ажыратуу жѳнүндѳ
Депутаттар айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси А. Динбаевдин Кайрагач айылында мүрзѳнүн жоктугуна байланыштуу жер аянтын ажыратып берүү жѳнүндѳгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайрагач айылынын тургундарынын суроо-талаптарын канааттандыруу максатында Кайрагач айылындагы № 78 контурда жайгашкан жайыт жеринен мүрзѳ ачуу үчүн 2,5 га жер аянтын ажыратып берүүгѳ уруксат берилсин.
2. Мүрзѳ ачууга тиешелүү болгон иш кагаздарын даярдоо жагы айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин Айыл чарба, агроѳнѳржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо, жаратылышты боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Б. Жунусов |