Загрузка документа…
ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры №40
Чангет айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин тогуз ай ичинде аткарган жумуштары боюнча отчету жана планга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунушу Чангет айылдык Кеңешинин (IV шайланган) кезектүү 5-сессиясынын күн тартибинде каралып Чангет айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрагасы Аширбеков Туратбектин тогуз ай ичинде жайыт боюнча аткарган жумушу канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2018-жылга бекитилген план өзгөрүүсүз калтырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин бюджет, финансы-экономика мыйзамдуулук жана регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Т.Эшиев |