Загрузка документа…
ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры №41
Күн тартибиндегималдарды жасалма жол менен уруктандыруучу жабдуулардын насыясын айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен төлөө жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Чангет айылдык Кеңешинин (IV шайланган) кезектүү 5-отуруму төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чангет айыл өкмөтүнүн вет адиси А.Чолпонкуловго өткөрүлүп берилген малдарды жасалма жол менен уруктандыруучу жабдуулардын насыясы айыл өкмөт бюджетинин эсебинен төлөп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин бюджет, финансы-экономика мыйзамдуулук жана регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Т.Эшиев |