Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 13
Алгабас айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколун бекитүү жѳнүндѳ
Депутаттар айыл ѳкмѳтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси С. Жолборсовдун Алгабас айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун мечит үчүн муниципалдык менчиктеги жерден 0,15 га жер тилкесин ажыратып берүү боюнча протоколун бекитип берүү жѳнүндѳгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алгабас айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун Алгабас айылын да жайгашкан муниципалдык менчиктеги жерден 0,15 га жер тилкесин мечит ачуу үчүн ажыратуу боюнча протоколу бекитилсин.
2. Мечит үчүн ылайыктуу жер тилкесин табуу жана мечит ачууга тиешелүү болгон иш кагаздарын даярдоо жагы айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин Айыл чарба, агроѳнѳржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо, жаратылышты боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Б. Жунусов |