Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы №3
Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын сунушунун негизинде аймактагы жүргүзүлүп жаткан жумуштарды, токтомдорду, бюджеттик кыймылдарды элге ватсап аркылуу ачык жеткирүү, маалымат берүү максатында Кара-Бак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагы боюнча айылдардын калкынын санына жараша атайын “Кара-Бак аймагым” деген ватсаптык топ 256 мүчөдөн түзүлсүн.
2. Ватсапка топ мүчөлөрүн түзүү максатында атайын комиссия курамын түзүү, жобо-тартибин иштеп чыгуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ватсапка ар бир топ мүчөсү өзүнүн кызматтык милдеттериндеги маалыматты кеминде жума сайын берип турушу жана статусуна өзүнүн толук аты-жөнүн жазышы милдеттендирилсин.
4. Атайын тыюу салынбаган, адам укугу бузулбаган слайддарды, маалыматтарды, таблицаларды жарыялоо милдетин бөлүштүрүү, топтун администраторунун тактоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Каламбеков |
|
|