Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы №7
Кара-Бак айылынын Тургуну Мансур Саттаровдун атына Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 27.08.2002-жылдагы №8-1192 токтому Зардалы айлынан жайыт жеринен 9,45 га туура эмес огород жер катталып калгандыктан жер ээсинин ыктыярдуу баш тарткандыгына байланыштуу жерге болгон укугун Кыргыз Республикасынын жер коденсинин 10-главасынын 62-беренесинин 4-бөлүмчөсүнүн негизинде токтотуу максатында Кара-Бак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылынын Тургуну Мансур Саттаровдун атына Зардалы айлынан огород жер катталып калган, жер ээсинин арызынын негизинде жеке менчик укугу токтотулуп,жайыт жерине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кенешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Каламбеков |
|
|