Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы №8
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 25.01.2019-жылдын №01-34/54 сунуш катынын негизинде Чет-Кызыл айылынын элинин көрүстөнгө болгон муктаждыгын чечүү үчүн Чет-Кызыл айылынын четиндеги 2,0га таштак жайыт жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунуу жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына транформациялоо жана аталган айылды көрүстөн менен камсыз кылуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Кызыл айылынын четиндеги 2,0га таштак жайыт жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунуу жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына транформациялоо менен көрүстөнгө бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтү Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамдын 18-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн,47-беренесинин 8-9 бөлүмчөсүнүн негизинде иш жүргүзүшү белгиленсин.
3. Көрүстөн ишке киргенге чейин аталган таштак жайыт жердеги өсүп турган мөмөлүү дарактардан түшкөн кирешелер көрүстөндүн курулуштарын жакшыртууга жумшалсын,дарактарды карап жүрүшкөн тургундар менен келишимдер түзүлсүн жана тийиштүү иш кагаздарын даярдап акт алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Каламбеков |
|
|