Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы №9
Кара-Бак айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп жаткан электир энергиясынын тактоо максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагындагы айылдардын жарыктандырылган көчөлөрү,жарыткычтардын саны такталсын.
2. Айыл өкмөтү боюнча өтө зарыл болгон,түнкүсүн эл көп каттаган,суу бойлогон,окуучулардын маршуруттук каттам жолдору аныкталып,күйүүчү каражаттардын саны жана жылдык чыгымы такталып,иш кагаздарын даярдап киргизүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Айыл тургундарынын үйлөрүнүн,мекемелеринин,менчик дукөндөрүнүн жаныдагы мамыларга үнөмдүү диоддук жарыктандырууну алуу жана көзөмөлдөө жагы айыл тургундардын өздөрүнө жүктөлсүн.
4. Үйлөрү жок зарылдыгы боюнча кеңештен бекитилген көчөлөргө үнөмдүү диоддук жарыктандыруу коюуу,жалпы коротулган электир энергиясын төлөө айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралсын.
5. Айылдык кеңештен бекитилген көчөлөрдөгү, жарыктандырууну тактап,РЭС менен келишим түзүүп,иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Каламбеков |
|
|