Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы №12
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан жыйналып жаткан акчалар кимдерден,эмненин негизинде түшүп жаткандыгын тактоо максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагы боюнча ар бир айылга,мекемелерге бөлүп чыгышталган акча каражаты жана ар бир айылдан түшүп жаткан баардык кирешелер так даана бөлүнүп көрсөтүлсүн.
2. Транспорт салыгы кимдерден,кандай маркадагы транспорттордун эсебинен түшкөндүгү турасындагы реестр такталып көрсөтүлсүн.
3. Тамарка жер салыгынын так даана реестри айылдар боюнча көрсөтүлсүн.
4. Айыл-чарба багыты боюнча жер салыгынын реестри айылдар боюнча көрсөтүлсүн.
5. Таштанды салыгы кимдерден түшүп жатат жана кайсы айылдардан түшүп жаткандыгы жөнүндөгү так реестри көрсөтүлсүн.
6. Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринен түшүүчү ижара акыларынын реестри жылдары менен айылдар боюнча көрсөтүлсүн.
7. Аймак боюнча өкмөтүн планын артка тартып,акча каражатын убагында төкпөгөн аймак тургундарынын айылдар боюнча реестр тизмеси көрсөтүлсүн.
8. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата жалпы карызы жана аласасы канча экендиги так даана көрсөтүлсүн.
9. Токтомдо көрсөтүлүп белгиленген маселелерди тактап кезектеги 31 сессияга даярдап киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Каламбеков |
|
|