Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы №13
Кара-Бак айылындагы көп жылдардан бери кароосуз калган борбордук паркты көрктөндүрүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Борбордук паркка ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуу планы чийилип,каржы сметасы так түзүлүп макулдашылып бекитилсин.
2. Борбордук парктагы куураган дарактарды тамыры менен жулуп ордуна ийне жалбырактуу дарактарды отургузуу иштери жүргүзүлсүн.
3. Отунга жулунган дарактарды балдар бакчаларына актынын негизинде өткөрүлүп берилсин.
4. Дарактарды жулуу боюнча тийиштүү мекемелерден уруксат кагаздардын алуу,атайын комиссия түзүү,борбордук паркты көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Жүргүзүлүчү иштер ижарачы менен келишилип макулдашылсын.
6. Паркты өркүндөтүү,эс алуу жайларын уюштуруу,элдин бош убактысын өткөрө турган жайга айландыруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Каламбеков |
|
|