Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы №14
Аймактагы электир мамылардын астындагы,таза суу линиясынын үстүндөгү жана коомдук пайдалануудагы жолдордун боюндагы дарактарды бутоо же жулууп тазалоо максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жол боюндагы ирээтсиз,мыйзамсыз отургузулган дарактарды,дарак ээсинин эсебинин жулдуруп тазалатуу жагы жер адистерге тапшырылсын.
2. Электир мамыларындагы сымдарга жакын калган дарактарды дарак ээлерине бутатуу же жулдуруп тазалатуу жагы көмөкчү чордондун башчысына тапшырылсын.
3. Таза суу линиясынын үстүндөгү отургузулган дарактарды дарак ээлерине жулдуруп тазалатуу жагы таза суу мекемесинин башчыларына тапшырылсын.
4. Ээси жок дарактар жулунуп,балдар бакчаларына өткөрүлүп берилсин.
5. Айыл тургундары калктуу конуштагы жерлеринин жана өз үлүш жерлеринин тушундагы дарактарды актоо,бутоо,таштандыларды чогултуп тазалоо иштерин жүргүзүүсү жер ээлерине жүктөлсүн.
6. Тийиштүү иштерди уюштуруп жүргүзүү,жалпы техникалык коопсуздукту сактоо жана тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Каламбеков |
|
|