Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-декабры №1
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Реснубликасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерин кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону карап жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин кезексиз 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн алдындагы бузуулар боюнча комиссиялар жөнүндөгү Жобо бекитилсин. Тиркеме 7 (Жети) барак.
2. Бузулар боюнча комиссиянын курамынын саны 7 адамдан түзүлсүн жана төмөндөгү курамда бекитилсин.
• Шайымкулов Абдилажан Ормошевич –айыл өкмөт башчысынын орун басары төрагасы.
• Абдурасулов Абдулажан кошматович – коомчулуктан, төраганын орун басары
• Нурмаматов Азиз Мамашович – айыл өкмөтүнүн вет адиси, комиссиянын катчысы.
• Азимбаев Кумарбек Рысмаматович – айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
• Сатаров Айбек Жалилович – айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
• Акматбеков Батырбек Бектаналиевич – коомчулуктан, комиссиянын мүчөсү.
• Толубаев Абдыкаар – аксакалдар кеңешинин төрагасы, комиссиянын мүчөсү.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | Н. Жолдошов |
|
|