Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-декабры №2
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал жана Жалгыз-Жаңгак айылдарынын көчөөлөрүнө асфальт төшөө үчүн Көк-Арт айылдык кеңешинин кезексиз 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019- жылга демөөрчүлүк грантка бюжеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылынын Т.Азимбаев, К.Матиев, О.Шайымкулов атындагы көчөлөрүнө 1050 (бир миң элүү) метр асфальт төшөлсүн.
3. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айылынын Азимбай Болуш атындагы көчөгө 850 (сегиз жүз элүү) метр асфальт төшөлсүн.
4. Акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБнүн башчысы К. Арстанбековко милдеттендирилсин.
5. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | Н. Жолдошов |
|
|