Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 14
КБФунун жерлерине аукцион ѳткѳрүү үчүн алгачкы баасын белгилѳѳ жѳнүндѳ
Депутаттар айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси А.Динбаевдин ижарага берилген КБФунун мѳѳнѳтү бүткѳн жерлерине аукцион ѳткѳрүү үчүн кайрадан ижарага берүү үчүн алгачкы бааларын белгилеп берүү жѳнүндѳгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КБФунун ижарага берилген жерлеринин мѳѳнѳтү бүткѳндүгүнѳ байланыштуу аларды кайрадан ижарага берүү үчүн аукциондогу алгачкы баасы 1 га жер аянты үчүн;
-Кашкар-Кыштак айылынын 1-участкасынан № 220, № 231, № 236, контурларындагы 28,21 га, Кенжекул айылындагы № 85 контурундагы 30 га сугат айдоо жерлери - 4700 сом, кадамы – 500 сом;
-Алгабас, Бекжар, Ачы жана Жарооз айылдарындагы 148,0 га кайрак айдоо жерлери – 250 сом, кадамы – 100 сом деп белгиленсин.
2. Айыл ѳкмѳтүнүн адистери аукцион ѳткѳрүүдѳ «КБФунун жерлерин ижа- рага берүүнүн тартиби жана шарттары жѳнүндѳгү» Типтүү жобону жетекчи- ликке алуу менен ачыктыкты жана айкындуулукту камсыз кылышсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кенештин Айыл чарба, агроѳнѳржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо, жаратылышты боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Б. Жунусов |