Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы №8
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык “Көк-Арт суу-тазалык” мунципалдык ишкананын ачылуусун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кок-Арт айыл окмотунун алдында “Көк-Арт суу-тазалык” мунципалдык ишканасы түзүлсүн.
2. “Кок-Арт суу-тазалык” муниципалдык ишкана түзүү, уставын бекитүү, штаттык бирдиктерин, ички нормативдик укуктук актыларын бекитүү, каттоодон өткөрүү жагы Көк-Арт айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Муниципалдык ишкананын акылуу кызматтары үчүн тарифтери иштелип чыгып, шаардын тургундарынын коомдук талкуусуна коюлсун.
4. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | Н. Жолдошов |