Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы №11
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж №715 токтомуна ылайык, Сузак райондук мамлекеттик статистика бөлүмү Көк-Арт айыл өкмөтүнүн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктары жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги 8- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак райондук статистика бөлүмү менен келишимге ылайык иш алып барылсын.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | Н. Жолдошов |