Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы №12
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык күн тартибиндеги ар түрдүү маселелерди угуп жана талкуулап Көк-Арт айыдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №10 Көк-Арт гимназия орто мектептин аймагында жайгашкан чайкананын 1 болбосу убактылуу акысыз пайдаланууга почта кызматына берилсин.
2. Жерге-Тал айылынын аймагында жайгашкан паркты жеке ишкер А.Кимсановко көртөндүрүүгө берилүүдөн баш тартылсын жана айыл окмоттун кучу менен корктондурулсун.
3. Ветеринардык кызматтардын тарифтери бекитилсин (тиркемеде типтуу тарифтер).
4. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | Н. Жолдошов |