Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы №17
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык социалдык комитетинин төрагасы Т. Сыдыков мектепке чейинки бала бакчалардын сапатын текшерүү зарыл экендиги туурасындагы маселесин угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 8-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарынын арасынан комиссия түзүлсүн.
2. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагындагы ачылып иштеп жаткан бала-бакчалардын сапатын, балдар жаткан жатаканасына жана тамактанчуу жайына текшерүү жүргүзүлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | Н. Жолдошов |