Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы №3/2
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Т.Эшалиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө К.Төрөкуловдун сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Т.Эшалиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
6. Бул токтомду жетекчиликке алуу айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловдон суралсын.
Тѳрага | К.Төрөкулов |