Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы №3/3
Ак-Суу айыл аймагында спирт ичимдиктерин саткан ишкерлерге спирт ичимдиктерин сатуусуна чектөө киргизүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаты Х.Дозоеванын сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагында лицензиясы жок спирт ичимдиктерин саткан ишкерлерди текшерип мыйзам ченемдүү сатуу жагын карап берүү Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Аксы району боюнча башкармалыгынан жана Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен суралсын.
2. Айыл аймакта лицензиясы бар, спирт ичимдиктерин саткан ишкерлерге кечки 17-00дан таңкы 08-30гө чейин сатууга убактылуу чектөө киргизилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин укук тартиби жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Т.Добулбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | К.Төрөкулов |