Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы №3/5
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн салык инспектору Ч.Жуманазаровдун айлык акысын төлөп берүүнү Мамлекттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Аксы району боюнча башкармалыгына которуу жөнүндө жооптуу катчы С.Мамытовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн салык инспектору Ч.Жуманазаровдун айлык акысын төлөп берүү жагы Мамлекттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Аксы району боюнча башкармалыгынан суралсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн салык инспектору Ч.Жуманазаровдун айлык акысын төлөп берүү үчүн Мамлекттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Аксы району боюнча башкармалыгына тиешелүү иш кагаздарын даярдап өткөрүү жагы ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу К.Мусабаевге милдеттендирилсин .
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
Тѳрага | К.Төрөкулов |