Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы №1
Көк-Таш айылдык аймагынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А.Эгемовдун 2019-жылга карата жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражаттын киреше, чыгаша бөлүктөрү тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга карата Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 98384,7 миң, атайын каражаттын киреше бөлүгү 1500,0 миң сом болуп бекитилсин, ал эми жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык 98384,7 миң сом, атайын каражаттын чыгаша бөлүгү 1500,0 миң сом болуп бекитилсин.
2. Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жалпы кирешесинин 1% ти 983,6 миң сом резервдик фондго табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында ажыратылсын.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Жакыев |
|
|