Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы №3
Ала-Бука аймактык ооруканасынын дарыгерлеринин 19.01.2019-жылдагы № 01-12/35 сандуу өтүнүч катын окуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука аймактык ооруканасынын капиталдык ремонтуна материалдык колдоо көрсөтүү менен орулууларга жана дарыгерлерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында, жергиликтүү бюджеттен 167110 ( бир жүз алтымыш жети миң бир жүз он) сом каражат кароого макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевге тапшырылсын.
Тѳрага | Н.Жакыев |
|
|