Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы №4
Көк-Таш айылдык аймагынын аялдар Кеңешинин төрайымы А.Кабылованын 01.02.2019-жылдагы кайрылуусун угуп жана талкуулап Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жыл ичинде өтүүчү Көк-Таш айылдык аймагынын аялдар Кеңешинин ар түрдүү иш-чаралары үчүн жергиликтүү бюджеттен 100 000 (бир жүз миң) сом каражат ажыратууга макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевге тапшырылсын.
Тѳрага | Н.Жакыев |
|
|