Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы №7
Көк-Таш айылдык аймактык АДКнын төрагасы Т.Каримовдун 10.01.2019-жылдагы Кайрылуу катын угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айылдык аймакта ар түрдүү жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында семинар –тренингдерди өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен АДКнын төрагасы Т.Каримовго 20 000 сом каражат кароого макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевге тапшырылсын.
Тѳрага | Н.Жакыев |
|
|