Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы №8
Ала-Бука райондук архивинин башчысы Т.Дуулатованын 14.12.2018-жылдагы № 01-28/67 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук мамлекеттик архивдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, архив ишин жакшыртуу тууралуу КР Өкмөтүнүн 29.04.2002-жылдагы №264 токтомун аткаруу максатында жергиликтүү бюджеттен 50 000 (элүү миң) сом каражат ажыратып, материалдык колдоо көрсөтүүгө макулдук берилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевге тапшырылсын.
Тѳрага | Н.Жакыев |
|
|