Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы №9
“Беккурулуш” ЖЧКнын директору Ө.Таштанбековдун 21.12. 2018-жылдагы №55 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көп жылдардан бери жаан-чачындардан, сел-суу ташкындарынан улам Бөрү-Көрбөс, Шүмгөк участкаларында жашаган кожолуктарга кооптуу абал жаратып келген Чоң-Сай дарыясына курулган 2 (эки) көпүрөнүн сметалык –проектинде көрсөтүлбөгөн жумуштарды ищтин жүрүшүндө аткарууга туура келгендигине байланыштуу, “Беккурулуш” ЖЧКга жергиликтүү бюджеттен 749 000 (жети жүз кырк тогуз миң) сом каражат кароого макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Жакыев |
|
|