Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы №10
Кулпек-Сай айылынын тургуну А.Сейдалиеванын 10.02.2019-жылдагы жана Орто-Суу айылынын тургуну Е.Жуманазаровдун 08.02.2019-жылдагы арыздарын угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулпек-Сай айылынын тургуну А.Сейдалиеванын күйөөсү II группадагы майып экендигин жана Орто-Суу айылынын тургуну Е.Жуманазаровдун үй-бүлөлүк шарттарын эске алуу менен окуу жайлар менен түзүлгөн контракттарга ылайык Б.Бакытбек уулуна 21 000 (жыйырма бир миң), тоголок жетим А.Жуманазаровго 18 000 жана материалдык колдоо көрсөтүүгө 12 000 сом каражат кароого макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевге тапшырылсын.
Тѳрага | Н.Жакыев |
|
|