Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы №11
Айылдык Кеңештин токтомдорун жана ар түрдүү жарыяларды калк арасына жайылтууда ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айылдык Кеңешинин кабыл алган токтомдорун жана ар түрдүү жарыя материалдарды Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына 2019-жыл ичинде толук жарыялоо үчүн, жеке ишкер Алчынбаев Бектур Балтагуловичке келишимдин негизинде бир жылга 24 000 (жыйырма төрт миң) сом каражат ажыратууга макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Жакыев |
|
|