Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы №13
Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын аймакта электр энергиясы үзгүлтүксүз болушун камсыз кылуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айылдык аймагында электр энергиясы үзгүлтүксүз болушун камсыз кылуу максатында, энергетикалык авариялардын алдын алуу жана авариялык абалдан чыгуу чараларын өз учурунда көрүшү үчүн, электрик М.Эргешовго ай сайын 50 литр күйүүчү май алууга каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Жакыев |
|
|