Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы №15
Көк-Таш айылдык аймагында көчө жарыктандырууларын өз убагында жаңылоо, социалдык обьектилердеги таштандыларды полигонго чыгаруу, санитардык –гигиеналык абалды туруктуу сактоо үчүн, муниципалдык тапшырыктардын сметалык баалары жана ага каражат ажыратуу жөнүндөгү “Көк-Таш тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы Б.Нышановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айылдык аймагында көчө жарыктандырууларынз убагында жаңылап , социалдык обьектилердеги таштандыларды полигонго чыгарып, санитардык–гигиеналык абалдын туруктуу сакталышын камсыз кылуу максатында, муниципалдык тапшырыктардын сметалык баалары тиркемеге ылайык бекитилсин жана 2019-жыл үчүн жергиликтүү бюджеттен “Көк-Таш тазалык” муниципалдык ишканасына 1 158 608 (бир миллион бир жүз элүү сегиз миң алты жүз сегиз) сом каражат ажыратууга макулдук берилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Жакыев |
|
|