Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы №16
Көк-Таш айылдык аймагында жашаган элдин таштандыларын полигонго чыгаруу, санитардык–гигиеналык абалды туруктуу камсыз кылуу үчүн муниципалдык тапшырыктардын сметалык баалары жөнүндөгү “Көк-Таш тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы Б.Нышановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айылдык аймагында санитардык–гигиеналык абалдын туруктуу сакталышын камсыз кылуу максатында, турмуш –тиричилик таштандыларын полигонго чыгаруу үчүн айылдык аймакта жашаган калктын жан башына бир айга 20 (жыйырма) сом, ал эми күнүмдүк керектелүүчү азыктарды сатуучу дүкөндөр, сактоочу жайлар бир чарчы метр жай үчүн 5 (беш) сом, дарыканалар жана чачтарачканалар 25 сом;
Базарлар (жаймалар) базар болгон күнү бир чарчы метр жай үчүн 10 сом, күнүмдүк азыктарды сатуучу автоунаалар бир чарчы метр жай үчүн 5 (беш) сом;
Калкка кызмат көрсөтүү үчүн фронталдык жүктөгүч Амкодор 342 В бир саатына 2000 (эки миң) сом, МТЗ-82 эксковатору саатына 1500 (бир миң беш жүз) сом болуп муниципалдык тапшырык баалары тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Жакыев |
|
|