Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы №17
Көк-Таш айылдык аймагынын ар бир айылында жаштардын дени сак өсүшүнө жана спорт менен машыгуусуна ыңгайлуу шарт түзүү жөнүндөгү Көк-Таш айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тажибаевдин жана айылдык Кеңештин депутаты М.Абдиевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айылдык аймагында жаштардын дени сак өсүшүнө жана спорт менен машыгуусуна ыңгайлуу шарт түзүү максатында, спорт зал куруу үчүн ар бир айылдан 0.10га жер аянтын сатып алууга макулдук берилсин.
2. Кыймылсыз мүлктөрдүн сатып алуу баасын аныктоочу көз карандысыз эксперттердин баалоо корутундусунун негизинде, жер аянтын айыл өкмөттүн баланссына сатып алуу жана тийиштүү укуктук документтерин мамлекеттик каттоо кызматынан, архитектурадан даярдатуу Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовго милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | Н.Жакыев |
|
|