Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы №1
Ынтымак айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К2, «Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр» коэфицентин жана «мүлккө салык» салууда К2, зоналдык бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүндө айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К2, «Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр» коэфиценти 1,2 эсебинде бекитилсин
2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагында «Мүлккө салык» салууда К2 зоналдык коэфиценти 1,2 эсебинде бекитилсин
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Ынтымак айылдык кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Абдикулов |
|
|