Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы №4
Ынтымак айыл өкмөтүнүн Беш-Буркан айылына арка куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн Беш-Буркан айылынын биринчи көпүрөөсүнө жетпеген жерден 0,015 сотых жер аянтына арка курууга макулдук берилсин
2. Жогоруда аталган жер аянтына турак жай куруу үчүн тиешелүү болгон юридикалык документтерди даярдоо жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Аталган жер аянтына карата Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жер аятына архитектуралык план долбоорлорун даярдап берүү жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ынтымак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Абдикулов |
|
|