Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры №4
Ынтымак айылдык кенешинин күн тартибиндеги Арык-Бою айылынын тургуну Сейдалиева Уруниса арызын кароо жөнүндөгү Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер комиссия-сынын 2018-жылдын 5-декабрындагы № 27-протоколун карап чыгып айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн Арык-Бою айылынын тургуну Сейдалиева Урунисанын арызы канааттандырылсын.
2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн Арык-Бою айылынын тургуну Сейдалиева Урунисага мал чарбасын өнүктүрүү максатында Каримберди конушунан Камыш короонун ордун мал кармоочу короо салуу үчүн көп жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилсин.
3. Ынтымак айыл өкмөтүнүн Арык-Бою айылынын тургуну Сейдалиева Урунисага Каримберди конушундагы Камыш короонун ордун мал чарбасын өнүктүрүү максатында короо куруп көп жылдык пайдаланууга берүү үчүн келишим түзүү Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Жоробековко жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Э. Камаловко мил-деттендирилсин.
4. Токтомдук аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Тѳрага | А. Абдикулов |