Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры №5
Ынтымак айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги сессиясы, Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын 2018-жылдын 18-декабрындагы №28 прото-колун негиз Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Буркан айылындагы эски Беш-Буркан орто мектебинин 0,63га жер аянтына №77 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо менен багытын өзгөртүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын 2018-жылдын 18-декабрындагы, Беш-Буркан айылынын эски Беш-Буркан орто мектебинин 0,63га жер аянтына № токтомуна өзгөртүү жана толуктоо менен багытын өзгөртүп берүү, жөнүндөгү №28 протоколу жактырылсын.
2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн эски Беш-Буркан орто мектебинин 0,63га жер аянтынын 0,05га жер аянтына спорт комплекс, 0,015га жер аянтына маданият үйү, 0,03га жер аянтына ФАП жана 0,40га жер аянтына балдар бакчасын курууга сунушталсын.
3. Жогоруда аталган муниципиалдык жер аянтына тиешелүү болгон юридикалык до-кументтерди даярдоо жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Ажыратылган жер аянтына карата Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан аталган жер аятына архитектуралык план долбоорлорун даярдап берүү жагы суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнө тап-шырылсын
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ынтымак айылдык кенешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Тѳрага | А. Абдикулов |