Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры №11
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясынын күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн Оргу коопаративинин 2018-жылдын 22-декабрындагы Оргу коопаративинин жалпы мүчөлөрүнүн макулдугу менен бала-бакча куруу үчүн коопаративдин алдындагы бак жана кырмандын 0,70га жер аянтын, Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү тууралуу №2–протоколун карап жана талкуулап Ынтымак айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оргу коопаративинин 2018-жылдын 22-декабрындагы Оргу коопаративинин жалпы мүчөлөрүнүн макулдугу менен бала-бакча куруу үчүн коопаративдин алдындагы бак жана кырмандын 0,70га жер аянтын, Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү тууралуу №2–протоколу жактырылсын
2. Оргу коопаративинин алдындагы бак жана кырмандын 0,70га жер аянтына бала-бакча куруу үчүн, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын
3. Жогоруда аталган жер аянтына тиешелүү болгон юридикалык документтерди даярдоо жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалы-гынан суралсын.
4. Аталган жер аянтына бала-бакча куруу үчүн архитектуралык документтерин даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын
5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнө тапшы-рылсын
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ынтымак айылдык кенешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Тѳрага | А. Абдикулов |