Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры №12
Ынтымак айыл аймагында социалдык маанидеги маселелерди чечүүдө өз салымдарын кошкон жана бир катар жигердүү кайрымдуулук иштерин аткарган Ынтымак айыл өкмө-түнүн тургундарына Ынтымак айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу мак-сатында Ынтымак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамы Ынтымак айылынын тургуну Жарматов Курмушуга, Акшар айылынын тургуну Мурзаканов Эргешке, Ынтымак айылынын тургуну Кыргызов Азимге, Беш-Буркан айылынын тургуну Тойчуев Амирге, Арык-Бою айылынын тургуну Жоробекова Патилага ыйгарылсын
2. Жогорудагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн тургундарына «Ардактуу атуулу» наамы-нын күбөлүктөрүн даярдоо жагы Ынтымак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин уюштуруу укуктук маселелер мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Абдикулов |