Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-январы №33/1
Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасы У. Мокешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын Исираилов Саяк атындагы бала бакчанын көмөкчү чарбасындагы мал жандыктарды өлсө жана 1 (бир) баш торпокту союу ветеринардык кызматкерлер менен бирдикте айыл өкмөтүнүн балансынан чыгышталсын.
2. Исираилов Саяк атындагы бала бакчанын көмөкчү чарбасындагы 14(он төрт) баш эчки, 1 (бир)баш уй, 1 (бир) баш торпок Ат-Башы базарына сатууга айыл өкмөтүнүн балансынан чыгышталсын.
3. 2017-2018-жылдагы жердин жер акысы, ветеринардык кызмат акылары, тоют топтоого кеткен чыгымдары жана базарга алып барууга кеткен жол чыгымдары сатылган малдын эсебинен төлөнсүн.
4. Сатуудан түшкөн акча каражатынын чыгашадан кийинки бөлүгү асыл тукум уй баласын алууга жумшалсын.
5. Көмөкчү чарбадагы иштерди жайгаштыруу үчүн төмөндөгүдөй курамдагы комиссия түзүлсүн:
-Абдырахманов А.- АК нин депутаты;
-Шамуратов Н.- АК нин депутаты;
-Абдылдаев Б.- АК нин депутаты;
-Үтүрекеева Т.- бала бакчанын профсоюзунун төрайымы;
-Жолбунова Н.- бала бакчанын чарба иштери боюнча адиси;
-Адистен уулу К.-айыл өкмөтүнүн ветеринардык врач;
-Жумакадыров Т.-айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери;
6. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Тѳрага | У.Мокешов |
|
|